Юридикалык жактардын 100 миң сомдон ашкан социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн банк аркылуу которуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште юридикалык жактардан түшүүчү социалдык төгүмдөр жүрүмүн жөнгө салууга багытталган “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Депутат Дамира Ниязалиева мыйзамга юридикалык жактар социалдык камсыздандыруу мекемелерине төгө турган 100 миң сомдон ашкан көлөмдөгү акча каражатын сөзсүз түрдө банк аркылуу которуу талабы киргизилип жатканын билдирди.

Ал эми депутат Наталья Никитенко социалдык төгүмдөрдү банк аркылуу которуу чаралары туура экенин, бирок белгилүү бир банкты чектебөө керектигин айтты. Депутаттын пикиринде, кайсы бир банкты белгилөө коррупцияга жол ачат.

Мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан