"Дордой" базарында бычактан алган жыйырмадан ашык жарааты бар жансыз дене табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, "Дордой" базарынын алкагындагы "Кербен" базарынын аймагынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Жансыз денеде бычактан алган 25 жараат бар экени белгилүү болду. Учурда каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатат. Адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш иши козголгону маалымдалды.