Кечээ, 5-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында куткаруучулар “Жыргалаң” шахтасын текшерүү убагында тереңдикке кулап каза табышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 09:00 чамасында аталган айылда КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу бөлүмүнүн Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун 4 куткаруучусу (резервдеги) “Жыргалаң” шахтасын текшерүү үчүн барышкан. Текшерүү убагында шахтанын ичинен 40 метр тереңдикке кулап кетип, натыйжада 2 куткаруучу каза болуп, 2 куткаруучу газга ууланып жабыркаган.
Каза болгондор:
Аталган взводдун командиринин орун басары, прапорщик Шамилов Нурлан Эркинбекович, 1974-жылы 16-апрелде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туулган.
Аталган взводдун 3-бөлүмчөсүнүн командири, кенже сержант Байсынов Каныбек Маратович, 1990-жылы 12-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
Жабыркагандар:
Аталган взводдун 3-бөлүмчөсүнүн куткаруучу-респераторщиги, кенже сержант Жалманбетов Эрмек Калыбекович, 1991-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылынын тургуну.
Аталган взводдун 3-бөлүмчөсүнүн респераторщиги, катардагы жоокер Калканов Мирбек, 1990-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну.
Каза болгондор Ысык-Көл облусунун маркумдарды сактоочу жайга, жабыркагандар Ак-Суу райондук аймактык ооруканага жеткирилген.
Кызматтык териштирүү иштерин жайында жүргүзүү үчүн полковник М.С.Бейшембиевдин жетекчилигинде комиссия курамы түзүлүп, 2014-жылдын 5-октябрында окуя болгон жерге жөнөп кетишти.