Кыргызстанда сарык менен ооругандардын саны өсүүдө

 Үстүбүздөгү жылдын акыркы 9 айында республика боюнча сарык оорусу менен ооругандардын саны 8874кө жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 3100гө көп. Министрлик сарык оорусу Ош, Баткен, Чүй облустарында башка аймактарга караганда көп катталганын белгилеп, бул оорудан жабыр тарткандардын көбүнчөсү 14 жашка чейинки балдар экенин билдирди. Кошумчалай кетсек, 8874 адамдын 93,3%ы сарыктын "А" вирусу менен жабыркаса, "В" түрү менен жабыркагандардын саны 4,4%ды түзөт. Ал эми калган 2,3% сарыктын башка түрлөрү менен ооругандар.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан