Жаңы тариф: 700 киловаттка чейин 70 тыйын, андан ашканына 2 сом 5 тыйын болушу күтүлүүдө

Кыргызстанга быйыл Казакстандан алынчу электр энергиясын элге жеткирүүдөгү баасы аныкталды. Импорттолгон электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын баасы 2 сом 05 тыйын деп бекитилди. Муну энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 31-октябрда телеканалдардын бири аркылуу коомчулукка жарыялады. Министрдин айтымында, Казакстандан быйыл 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясы импорттолгону жатат жана 2-3 күндүн ичинде тийиштүү келишимге кол коюлат. Казакстандан алынган электр кубатынын өндүрүш ишканаларына жана социалдык мекемелерге берилчү баасы 2 сом 19 тыйын деп чечилгени айтылды.

Жаңы тарифтер боюнча электр кубаты төмөнкүдөй эсептелет: Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1105 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 05 тыйын = 615 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 405 сомго кымбат. 

Айта кетсек, Кыргызстан быйылкы сезондо 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрмөкчү. Муну калкка бөлгөндө ар бир абонентке 680-690 киловатт-сааттан тиери айтылды. Демек, колдонуп жаткан электр энергиясы 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин абонент Казакстандан карызга алынган электр кубатын пайдаланып жатканын билиши керек. 

Белгилей кетчү нерсе, өкмөт сунуштап жаткан жаңы тарифтик саясат азырынча күчүнө кире элек, бирок жакында иштеп баштай турганы маалымдалууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан