"Бүгүн Казакстандын борбору Астанада кыргыз тараптын делегациясы электр энергиясын импорттоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул маселе бүгүн чечилип калышы мүмкүн",- деди журналисттерге 4-ноябрда энергетика жана өнөр жай
министри Кубанычбек Турдубаев.Анын айтымында, казак тарап өз позициясында бекем турууда. "Бүгүн электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашуулар кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга 6-7-ноябрда болчу иш сапарынын жыйынтыгында электр энергиясынын баалары бекитилиши күтүлүүдө. Анда келишимдерге кол коюлмакчы",- деди министр.
Айта кетсек, Казакстандан и
мпорттолгон 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын баасы 5 сом 13 тыйын болушу күтүлүүдө. Ал эми калк үчүн 1 киловатт-саатынын баасы 2 сом 5 тыйын деп бекитилгени айтылган.