Адам укуктарын коргоочу бейөкмөт уюму күч түзүмдөрү тарабынан кысымга алынгандыгын жарыялады

"Фридом Хаус" ("Freedom House") адам укуктарын коргоочу уюму Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кысымга алынгандыгын 4-ноябрда расмий сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-сентябрында УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы аталган уюмга карата кылмыш ишин козгогон. "Буга Баткен жана Жалал-Абад облустарында этникалык азчылыктын укуктары боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоо себеп болгон. УКМКнын кызматкерлери уюмдун жергиликтүү бөлүмүнүн кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникалык жабдууларды алып салышкан. Мындан тышкары "Фридом Хаустун" кызматкерлерин суракка алышкан. Кийин белгилүү болгондой, кылмыш ишин козгоого Ош шаарынын тургундарынын даттануулары жана КРнын Илимдер академиясынын чечими негиз катары саналган. Булар биздин уюм "улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүп жатат" деп арызданышыптыр. Биз мындай күнөөнү четке кагабыз. Ош шаардык сотуна кайрылып, муну далилдей алганбыз" деп айтылат аталган уюм жарыялаган билдирүүдө.

Мындан тышкары алар тагылган айыптарга карабастан, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн улантарын баса белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан