29-январда Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти жүргүзгөн атайын рейд учурунда шаар көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 50 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Рейд учурунда шаардагы Пудовкин, Лермонтов, Саманчин көчөлөрүндөгү жана Жибек Жолу проспектисиндеги көрнөк-жарнактар алынды. Бул ишти Бишкек мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Ош шаардык мэриясынын жарнама департаментинин өкүлдөрү жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери биргеликте ишке ашырышты.