
* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы актёр жана сүрөтчү
Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1990), ВЛКСМ жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку Кинематографисттер биримдигинин "Эң мыкты эркек ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), ошондой эле Кинематографисттер жана сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы төкмө акын
Барпы Алыкулов 65 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. 1930-жылдын аяк ченинен баштап Барпынын көз оорусу күчөп, өзүнчө эл аралап жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Бирок көкүрөгү тунук акын улам жаңы ырларды чыгара берет. Бала кездеги ырлары негизинен эки заманды салыштырууга арналса, согуш жылдары “Эр Жолон”, “Төрайым менен Шекербек” деген поэмаларды жараткан. Согуштан кийин “Аксаткын менен Кулмырза”, “Жалайыр жалгыз” деген элдик поэмаларды кайра иштеп чыгат. Акын лирикалык ырларды жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик ырларга кайрылган, ошол себептүү “Буракжан”, “Мөлмөлүм”, “Мырзайым”, “Арзыкан”, “Ак жылдыз”, “Лөлүкан”, “Дилбарым”, “Гүзал кыз”, “Өзгөчөм” деген ырлары тематика, стиль жагынан элдик ашыктык ырларга үндөшүп турат.
* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы улутчул Германияда "Хрусталь түн" деп аталган белгилүү массалык өлтүрүү болгон. Германиянын ондогон шаарларында улутчул бийликтин колдоосу астында еврей үйлөрү, мектептери жана чиркөөлөрү өрттөлгөн. Бир түндө 91 еврей өлтүрүлүп, миңдеген еврей майып болуп, кордоого кабылган. Дагы 3500ү кармалып, концентрациялык лагерлерге жөнөтүлгөн. Бул талоонго Гитлер өзү буйрук берген.

* Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылы Германиядагы капиталисттик-коммунисттик системди бөлүп турган Берлин дубалы уратыла баштаган. Дубал тосмону тургузуу демилгесин 2-Дүйнөлүк согуштан кийин Германия Демократиялык Республикасы көтөрүп чыккан. ГДРди Варшава келишимине кирген өлкөлөр да кубаттаган. Ошентип, Берлинди батыш менен чыгышка бөлгөн дубалдын курулушу 1961-жылдын 13-августунда башталган. Аскер күчү менен тургузулган тосмого 150 миң тоннадан ашуун цемент сарпталган. Жалпы узундугу 155 чакырымды түзүп, анын 43,1 чакырымы Берлин шаарынан өткөн. Дубал немистерди гана эмес, континентти, дүйнөнү экиге бөлүп турган. Ошонусу менен кансыз согуштун негизги символуна айланган. 30 жылга жакын өмүрүндө бетон тосмо ГДРден Батыш Германияга качкан адамдардын 1245инин өлүмүнө күбө болгон. Мындан сырткары 2007-жылдын 12-августунда "Би-Би-Си" ГДР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин архивинен кызык маалымат тапканын жар салган. Анда өлкө бийлиги дубалдан аша качмак болгондорду баласынан карысына чейин атууга буйрук бергендиги айтылган.