Жергиликтүү бийлик жана өкмөттүк органдар 2017-жылга чейин электрондук башкарууга өтөт

Кыргызстандын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү бийликтин органдарында электрондук башкарууну жайылтуу боюнча программа жактырылды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 18-ноябрда билдирди. Программанын максаты - иштин эффективдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну жакшыртуу. Программа 2017-жылга чейин 3 этап менен ишке ашат. Биринчи этапта (2014-жылы) уюштуруу жана башкаруу жаатындагы иш-чараларга даярдык көрүлсө, экинчи этап 2015-жылы электрондук башкарууга өтүүдөгү өткөөл мезгил болуп эсептелет. Үчүнчү этапта (2016-2017-жылдары) бардык укуктук-нормативдик актылар тийиштүү нормаларга шайкеш келтирилет.  
Программаны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Канча акча жумшалары айтылган жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан