Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 18-ноябрдагы жыйынында “Жарнак жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоору “жарнак” деген сөздү “жарнама” деген сөзгө алмаштырууга багытталган. Талкууда депутат Гүласал Садырбаева мындай өзгөртүүгө каршы чыкты. Анын айтымында, кыргыз тилинде "жарнама" деген сөз жок. “Жарнак” деп калтырганыбыз эле туура. Анткени “жарнама” деген кыргыздын сөзү эмес, сөздүн мүчөсү “нама” деп турат, бул өзбектердин сөзү”,- деди депутат. Башка депутаттар кесиптешинин пикирин колдоо алып, тактап чыгуу үчүн мыйзам долбоорун биринчи окуу режимине кайтарды.