Асылбек Жээнбеков Япониянын императору Акихито менен жолугушту

Бүгүн, 18-ноябрда Япониядагы иш сапарында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Япониянын императору Акихито менен жолугушту. Асылбек Жээнбеков императорго Кыргызстан менен кызматташтык мамилени өнүктүрүүгө жеке өзү көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. "Кыргызстан үчүн Япония менен кызматташуу - негизги багыттардын бириЯпониянын Кыргызстанды өнүктүрүүгө катышуусун жогору баалайбызБерилип жаткан жардамдар биздин өлкөдө демократияны өнүктүрүүгөсоциалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган жана алар көп тармактуу",деп билдирди спикер

Император Акихито менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргызстанга иш сапар менен баруусунаКыргызстан эли менен жакындан таанышуусу үчүн мүмкүнчүлүк табыла турганын кошумчалады төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан