“Кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча өкмөттүк аппараттын айрым кызматкерлерине издөө жарыяланды жана айрымдары тергөөдөн качып жатат" деп айрым маалымат булактарында берилип жаткан маалымат чындыкка жатпайт. Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 18-ноябрда ушундай билдирүү жасады. "Эмгек өргүүсүндө, иш сапарда жана ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жаткан айрым кызматкерлерди эсепке албаганда, өкмөттүк аппараттын бардык кызматкерлери учурда иш ордунда жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышат",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, быйыл 1-ноябрда “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы
Алтынбек Муралиевге кылмыш иши козголгон.
Шектүү жаран 2 айга камакка алынган.