Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде өлкөнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Каржы министрлигинин отчёту каралды. Жыйын жүрүшүндө комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевден өткөн жылы мамлекеттин эсебинен канча мектеп курулганын сурады. Бакетаев канча мектеп курулганын билбей турганын айткандан кийин Осмоналиев: “Сиз бюджеттин аткарылышы тууралуу отчёт берип жатасыз. Демек, отчёт берип жаткандан кийин жакшылап даярданып келиш керек. Кечигип келгениңиз аз келгенсип, канча мектеп курулганын билбейсиз”,- деп сындады.