2015-жылы композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет

Бүгүн, 18-ноябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Кыргыз ССРинин Эл артисти, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун карады. Комитет жыйынында Жумамүдүн Шералиев атындагы эл аралык фонддун төрайымы Нарынгүл Шералиева: “Кийинки жылы атабыздын 100 жылдыгын өткөргөнү жатабыз. Ага сарпталчу каражаттын суммасын эсептеп чыктык. Парламент ушул иш-чараны колдоп, уюштуруп берип коюусун суранып жатабыз”,- деди ал.

Комитет мүчөлөрү залкар инсандын эмгектерин эл арасына, кийинки муунга кеңири жайылтуу максатында сунушталган токтом долбоорун колдоого алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан