Жогорку Кеңештин комитети "Кинематографияны колдоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырды

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда жактырылып, парламенттин кароосуна жолдонду. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиевдин айтымында, видео жана аудио өндүрүү чөйрөсүндө технология жакшырып, маалымат алып жүрүүчү технологиялар көп маалымат камтып калды. Азыркы тапта кымбат баалуу чоң долбоорлордон сырткары бардык кинопродукция санариптик технологияны пайдаланат. Буга байланыштуу мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн жогорудагыдай мыйзам долбоору иштелип чыккан. Долбоор техникалык мүнөздө болуп, мыйзамдын маани-маңызы өзгөрбөйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан