Жогорку Кеңеште өкмөттүн айылдарды таза суу менен камсыздоо программасы талкууланууда

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасынын долбоорун карап жатат. Жыйында депутаттар программанын жоопкерчилигин өкмөт мойнуна алчу болсо, колдоп берерин билдиришти. Депутат Надира Нарматованын айтымында, өкмөт жоопкерчиликтен качпай, бир программаны аягына чыгарышы керек. “Бирин бүтпөй экинчисине өтүп кетип жатасыздар. Биринчи программа эмне болуп жатканы боюнча эч кимдин маалыматы жок. Ошондуктан жоопкерчиликти моюнуңуздарга алсаңыздар, колдоп берели”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан