Ош шаарында 19-ноябрда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурууга жардам берүү борбору ачылат. Муну бүгүн, 18-ноябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кабарлады. Борбордун ачылышына аталган министрликтин жетекчиси Алиясбек Алымкулов, Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башкалар катышат. Борборду ачуунун башкы максаты - сыртка чыкчу эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү, юридикалык кеп-кеңештерди берүү. Миграцияга байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө көмөктөшө турганы айтылды.
Маалыматка таянсак, мындай борбор Бишкекте 2012-жылы ачылган, Орусия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея жана Түркия менен тыгыз кызматташууда. 2014-жылы борборго жардам сурап 7200 жаран кайрылган.