Футбол боюнча Өлкө чемпиондугунда "Абдыш-Ата" мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыз кылып койгон "Дордойду" жеңип алды
Кечээ 5-ноябрда футбол боюнча Өлкө чемпиондугунун (ТОП-Лига) алкагында 2 беттеш өткөрүлдү. Кантта жергиликтүү "Абдыш-Ата" бишкектик "Дордойду" кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңилүү мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздап койгон "Дордой" үчүн сезондогу 2-жеңилүү болду (1-айлампада "Алгага" 2:0 эсебинде жеңилген). Ал эми Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнда "Алга" менен "Динамо ИИМ" беттешип, 0:0 эсебинде тең чыгуу катталды. Ошентип, "Алай", "Алга", "Абдыш-Ата" жана "Динамо ИИМ" командаларынын ортосунда күмүш жана коло медалдар үчүн күрөш уланууда.
ассалам алейкум,алатоолук аккалпакчан кыргыз елим.
кыргызстан футбол курама командасынын футболкасын алайын деген елем, кытайдан табылбай койду. мен сыйактуу көптөгөн кытайлык кыргыз жыгыттер кыргызстандын спорт кийимдерине телмирип жүрөт. муну кайдан заказ кылууга болор? емиладан жаздым кетсем кечириңиздер
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.