КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев түркиялык делегацияны кабыл алды. Тараптар төө буурчакты экспорттоо маселесин талкуулашканын 18-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Министр кыргыз дыйкандары өндүргөн төө буурчакты Түркияга экспорттоп туруу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги меморандум кабыл алынышы зарыл деп белгилеп, бул багытта эки өлкө расмий иш алып барышы керектигин айтты.
Мындан тышкары бартердик негизде, башкача айтканда, төө буурчактын ордуна техника алууну, төө буурчак боюнча өкмөттүн көзөмөлүндө боло турган кыргыз-түрк ишканасын ачууну сунуштады.
Министр төө буурчакты Түркиянын атайын буйрутмасы менен өстүрүү жолун да караштырып көрүүнү кошумчалады. Түркиялык тарап министрликтин сунуштарын угуп, бул маалыматтар Түркиянын айыл чарба министрине жеткирилип, каралып чыгарын билдиришти. Аларга таластык дыйкандар өндүргөн төө буурчактын түрү көрсөтүлүп, айрым түрүн тандап, үлгү катары алып кетишти.