Жоомарт Оторбаев “бизде маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жок” деди

Бүгүн, 18-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Социалдык-экономикалык өнүгүү жана мамлекеттик тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик маалыматтардын ачыктыгы” аттуу тегерек столго катышты.

Анда өкмөт жетекчиси: "Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагы жаштарды окутууда чоң роль ойноп, мамлекеттик башкарууну реформалоо жана мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөнү сунуштоодо, жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусунда маанилүү орунда турат. Мобилдик банкинг каржылык тармак тейлөөсүнө жеткиликтүүлүктүн наркын төмөндөтөт",- деп билдирди.

Премьер-министр аталган тармак чыр-чатактардын жана табият кырсыктарынын алдын алууда чоң роль ойной турганын айтты.

“Кыргызстан ачык саясий тутумга ээ, бизде цензура жана МКТ тармагынын өнүгүүсү үчүн тоскоолдук кыла турган факторлор жок. Кыргызстан тышкы соода көлөмү ИДПда жогору эсептелген дүйнөдөгү 5 өлкөнүн катарына кирет, ошол эле учурда өлкөбүз деңизге карай чыкчу жолу жок жалгыз мамлекет болуп саналат”,- деди өкмөт башчы.

Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан