Калктын ден соолугуна кам көрүүнү жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун тармактык комитет жактырды

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети “Патент мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, аягында жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору калктын негизги дарылоо каражаттарына жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында даярдалды.

“Дарыланууга жетүү мүмкүндүгүнүн чектелишинин эң маанилүү себептеринин бири - негизги дарылоо каражаттарынын баасы. Дарылоо каражаттарына бааны аныктоодо республикада иштеп жаткан ченемдик-укуктук база, ошону менен бирге интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо режими олуттуу роль ойнойт. Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү даярдоонун зарылдыгы айрым дарылоо каражаттарынын түрлөрүнө баанын кымбаттыгынан улам келип чыкты”,- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан