"Бир бол" партиясы: "Кылымдарды карыткан кыргыз тили түбөлүккө сакталат"

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Барпы Алыкулов атындагы драма театрында «Ыр - достукка көпүрө» аттуу кыргыз ырларын аткаруу боюнча сынактын облустук туру жана «Улут наркы унутулбайт» аттуу уз чеберлердин кароо-сынагынын жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Иш-чара Жалал-Абад облусундагы Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Август айынан баштап Жалал-Абад облусунун район, шаарларында өткөрүлүп келген сынакта Ноокен, Ала-Бука райондору жана Майлуу-Суу шаары кийинки турга өтүшкөн. Бүгүнкү жыйынтыктоочу сынакта Майлуу-Суу шаары 1-орунду ээлесе, Ноокен району 2-орунду ээлеп, ал эми Ала-Бука районунун командасы 3-орунга татыды. Сынактын жобосуна ылайык, катышкан командалардын курамында башка улуттун өкүлдөрү да болуп, кыргыз ырларын аткаруу, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, кыргыздын улуттук бийин бийлөө жана башка кыргызга таандык каада-салттарды камтыган номерлер көрсөтүлдү.  

Сынактын ар бир командасына «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн атынан Нурбек Жолборсов акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

«Бир бол» партиясы кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн аракеттерди жасап келүүдө. Партиянын платформасында "кыргыз тили – мамлекеттик тил катары Кыргызстандагы бардык улуттардын бири-бири менен баарлашуу тили" деп белгиленген. Кылымдарды карыткан кыргыз тили түбөлүккө сакталып каларына терең ишенебиз»,- деди өз сөзүндө партиянын Жалал-Абад шаары боюнча координатору Нурбек Жолборсов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arti
2014-11-18 18:00:41
Азаматсынар. Бир бол- бар бол!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан