Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешинин 20 мүчөсүн шайлады (тизме)

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешинин 20 мүчөсүн шайлады. Жыйында тандоо кеңешинин курамы толук эместиги белгилүү болду. Депутат Токтогул Туманов коалициялык көпчүлүк тарабынан шайланган 4 талапкер тармактык комитет тарабынан карала электигин айтты. Ал кеңештин тандалган 20 мүчөсүн азырынча бекитип туруу сунушун киргизди. “Мыйзамда карама-каршылыктар болуп жатканын көрүп жатам. Бирок бекитилген 20 талапкерди көпчүлүк депутаттардын добушу менен шайлап тура берели”,- деди ал. Талкуу жыйынтыгында депутаттар кеңештин 20 мүчөсүн шайлашты. 82 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.  

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат (тизме төмөндө). 

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк сунуш кылган талапкерлер:

1. Асел Төлөмүшева

2. Таалайгүл Исакунова

3. Жамыйла Нурумбетова

4. Шамарал Майчиев

Оппозициялык фракциялар сунуштаган талапкерлер:

“Ата Журт” фракциясынан:

5. Гүлжамал Жумагулова

6. Канымбү Карабаева

7. Нурлан Кенжебаев

8. Максат Шамилов

“Республика” фракциясынан:

9. Динара Молдошева

10. Эрлан уулу Базарбай

11. Керезбек Эсекеев

12. Алмаз Калбаев

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан сунуш кылынган талапкерлер:

13. Жыргал Мурзалиева - Бишкек шаардык сотунун судьясы;

14. Нургүл Сатыбалдиева - Жогорку Соттун судьясы;

15. Дамирбек Назаров - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы;

16. Аида Мусуралиева - Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы;

17. Качыке Эсенканов - Жогорку Соттун судьясы;

18. Айниса Рыспекова - Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы;

19. Нуркалый Асанбаев - Нарын облустук сотунун судьясы;

20. Нурлан Атаназаров - Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы.

Коалициялык көпчүлүктүн атынан төмөнкү 4 талапкер кийинки аптада шайланат:

21. Урмат Момбеков

22. Алишер Юсупов

23. Жээнбек Мукамбетов

24. Панайдин Кадыров

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан