Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинде кадрдык дайындоолор болду. Мекеме бош кызматтык орундар үчүн сынак жарыялап, жыйынтыгында 4 кызматтын адистери тандалганын аталган агенттиктен 19-ноябрда билдиришти. Жаңы кызматтын ээлери төмөнкүлөр:
Марат Жусупбеков - Геология башкармалыгынын башкы адиси;
Алтынай Сыдыкова - Инвестиция жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башкы адиси;
Тынычбек уулу Рыскул - Кен иштетүүнү лицензиялоо башкармалыгынын адиси;
Асанали кызы Айсулуу - Укуктук камсыздандыруу бөлүмүнүн адиси.