Жогорку Кеңештин жыйынына 120 депутаттын 11и гана катышууда

Жогорку Кеңештин 19-ноябрдагы жыйынында учурда 120 депутаттын 11и гана отурат. Депутаттар “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Жыйын башында каттоодон 85 депутат өткөн. Ал эми өкмөт мүчөлөрүнөн социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Айта кетсек, парламенттин өткөн жумадагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда да депутаттардын аз санда катышып жатышы айрым депутаттар тарабынан сынга алынган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан