Казакстандын мурунку премьер-министри Серик Ахметов үй камагына алынды

"Коррупция" беренеси боюнча айыпталган Казакстандын мурунку премьер-министри Серик Ахметов үй камагына алынды. Муну бүгүн, 19-ноябрда өлкөнүн тийиштүү органына шилтеме берүү менен казакстандык маалымат булактары жарыялашты. 
"Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ири коррупциялык кылмыш иши боюнча "Сары арка" АКнын, "Металлургия-Металлообработка" ЭЭАнын, "КазАгроФинанс" АКнын мурунку жетекчилери Б.Абдишев, М.Смагулова, А.Эссе, Г.Рахимжанова жана башкалар боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Тергөө иштеринин алкагында Серик Ахметовго да айып тагылып, Караганданын Казыбек бий райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы аныкталды",- деп айтылат маалыматта.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан