Жогорку Кеңештин депутаты
Турсунбай Бакир уулу жакында Минск шаарында өткөн "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги аймагындагы шайлоо процесстери" аттуу эл аралык конференцияга катышты. Парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда билдиргендей, жыйында депутат Кыргызстандагы шайлоо системи тууралуу баяндама жасады жана 2000-2011-жылдар аралыгында Кыргызстанда өткөн парламенттик, президенттик шайлоолор боюнча маалымат берди.
"Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чыныгы атаандаштык мүнөздөгү парламенттик шайлоо 2010-жылы болду. Муну менен өлкөдө саясий атаандаштык күчөдү",- деп билдирди Бакир уулу.
Депутат таза шайлоо туруктуулук менен коопсуздуктун негизи экенин белгилеп, буларды кошумчалаган:
"Ачык жана таза шайлоо адилеттүү бийликти түзүүгө жол ачат. Куранда айтылат: "Ар бир элдин пейилине жараша башчы берем" деп".