Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жолдорду куруу боюнча макулдашуу 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки көпүрө жана автожолдорду куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды. Ага ылайык, Тажикстандын айылдарын айланып өтүү жана Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында Кулунду-Максат унаа жолунда 25,3 миллион сомго эки көпүрөнү куруу каралган. Кулунду-Максат жолунун узундугу эки көпүрөнү куруу менен 1,1 чакырымды түзөт. Гулякандоз каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 18 метрди түзсө, Козу-Баглан дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 36 метр. Тараптар эки мамлекеттин транспорт каражаттарынын жана жарандарынын өтүшүн кандайдыр бир түрдө чектебөөгө, ошондой эле ушул аймакта алардын кыймылын чектеген постторду же башка курулуштарды орнотпоого макулдашат. Макулдашуу долбоорун депутаттар 1-окууда добуш берүүгө жиберишти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан