Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңеште “Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башкача кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Ага ылайык, конвенцияга кошулуу өлкө жаратылышын ар кандай аскерий куралдарды сыноо кесепеттеринен коргоо жаатында көмөк көрсөтөт. Конвенция талаптары жер титирөө, толкун, бороон-чапкын пайда кылуучу аскерий куралдарды сыноо жана пайдалануу чараларынын колдонулушуна бөгөт коёт. Ратификациялык мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.