Ош – Баткен – Исфана жолун жаңылоо боюнча насыялык макулдашуу 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңеш 19-ноябрда “Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен Исфана автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзам долбоорунун максаты Кыргызстандын облустарынын жана кошуна мамлекеттердин ортосундагы транспорттук байланыштарды камсыздоо болуп саналат. 23,76 миллион долларлык макулдашуу долбоору Ош - Баткен - Исфана автожолун асфальттоого сарпталат. Насыя 2021-жылдан баштап 2038-жылга чейин жарым жылда бир жолудан төлөнүп турмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан