Эльвира Сариева жаран кайсы аймакта жашаганына карабай сапаттуу медициналык жардам алууга тийиш экенин айтты

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева саламаттыкты сактоо уюмдарын жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүү механизмдери боюнча жыйын өткөрдү. Сариева башкаруунун бир борбору менен саламаттыкты сактоонун бирдиктүү системин түзүү маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп келгенин, бирок өкмөт жана шаардык бийликтин деңгээлиндеги ар түрдүү пикирлер бир чечим кабыл алууга тоскоол болуп келгенин билдирди. "Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү стандартына жетишүү үчүн муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарын Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүү сунушталууда. Муну менен республикалык бюджетке да өзгөртүү кирет, борбордогу каржылоо нормативдери азыр аймактарга салыштырмалуу төмөн. Биздин максат - адам кайсы аймакта жашаганына карабай ага сапаттуу кызмат көрсөтүү",- деди вице-премьер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан