Кыргызстанда 2014-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эсепке алганда) 81 миллиард 252 миллион 600 миң сом суммасында аткарылды. Башкача айтканда, 86 миллиард 307 миллион 200 миң сом суммасындагы план 94,1 пайызга орундалды. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 70 миллиард 842 миллион сомду түзгөн. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл жалпы чыгашалар 10 миллиард 410 миллион 600 миң сомго же 14,7 пайызга өскөн. Муну бүгүн, 19-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.