Кыргызстанда 2014-жылдын январь-октябрь айларында ресурстардын түшүүсү 85 миллиард 447 миллион 600 миң сомду түздү же план 116,6 пайызга аткарылды. Муну бүгүн, 19-ноябрда Каржы министрлиги билдирди. Түшкөн ресурстардын курамынын басымдуу бөлүгүн түзгөндөр төмөнкүлөр:
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан түшүүлөр – 38,3 пайыз;
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан түшүүлөр – 25,4 пайыз;
Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер – 7,8 пайыз;
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшүүлөр – 2,6 пайыз.
"Быйылкы жылдын 10 айында республикалык бюджетке түшкөн кирешелер 73 миллиард 488 миллион 900 миң сомду түздү же план 109,7 пайызга аткарылды",- деп билдирет министрлик.