Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Японияга болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 19-ноябрда Япония парламентинин өкүлчүлүк жыйынынын спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту. Жээнбеков япон тарапка Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында көрсөткөн көмөгү менен ишке ашырылган өнүктүрүү долбоорлору үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы Япония жасаган расмий иш сапарынын жетишкендиктерине токтолгон Жээнбеков эки тараптуу келишимдер ишке ашырылып жатканын айтты. “Биздеги парламенттик демократия али жаш. Биз үчүн Япония сындуу демократиялык жол менен өнүккөн мамлекеттердин колдоосу абдан маанилүү”,- деди ал.
Ибуки: “Эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууда биздин депутаттык достук топтор чоң роль ойнойт. Япон парламентчилери өкмөт менен бирдикте Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоо боюнча иш аракеттерди күчтөндүрөт”,- деди.