Алтынбек Максүтов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2015-жылкы бюджетине нааразы

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов "Парламент" радиосунун 19-ноябрдагы эфиринде республикалык бюджет каралып жатканда маданият тармагына бюджеттин 3 пайыздан кем эмес суммасын бөлүү керектиги көрсөтүлгөнүн, бирок маданият тармагы кеңейип, бөлүнгөн акча жетишсиз экенин айтты. Бюджеттин энчиси менен берилип жаткан акчалар айлык акылар менен тармактагы имарат-жайларды жылытуу чыгымдарынан ашпай турганын айтат ал. 

Максүтов өзү жетектеген министрликке 2014-жылы 1 миллиард 200 миллион сом каралса, 2015-жылы бөлүнө турган акча 1 миллиард 249 миллион сомду түзөрүн кошумчалады. "Айырмачылык анчалык деле алымсындырбайт. Биз 2 пайыз өлчөмүндө каражат каралса деп кайрылганбыз. Эми анын ордуна кошулган анча-мынча каражат электр энергиясынын кымбаттаган баасын жабууга, инфляцияга жана күйүүчү-майлоочу майлардын жогорулаган наркына гана жетпесе, жарытылуу деле жылыштар байкалбай жатат",- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан