Бүгүн, 31-январда Ак үйдүн жанында өзүн-өзү өрттөгөн Жыпаркан Өмүрова аттуу аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ага киши өлтүрүү беренеси боюнча күнөө коюлууда. Айта кетсек, баласынын мыйзамсыз 13 жылга камалганы үчүн өзүн өрттөгөн Нарын облусунун тургуну учурда ооруканада дарыланууда.