Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев кармала элек. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз болууда.
Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.
Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган.