"Канжар качкан жок. Ал менин жанымда. Аны мен үйдөн чыгарбай жатам. Баламдын эч кандай күнөөсү жок. 2009-жылы бир баламды жоготком, эми экинчи баламды жоготкум келбейт. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевден, башкы прокурор Аида Саляновадан бул маселени эки тараптуу карап, туура чечим чыгаруусун суранам",- дейт Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин апасы бүгүн, 21-ноябрда маалымат жыйыны учурунда.
Буга чейин Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз.
Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.
Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган.