Милиция кызматкери Айдаркул уулу Сардарбектин өлүмүнө шектүү жаран өз жанын кыйды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 27-январда болжол менен саат 08:00дө Бишкекте “Сорока” көлүнүн жээгинде асылган кишинин жансыз денеси табылган. Биринчи Май ИИБинин кызматкерлери өлгөн жарандын кийиминин чөнтөгүнөн каза болгон милиция кызматкерине тиешелүү чөнтөк телефонун табышкан. Ошондой эле өз өмүрүнө кол салган шектүү Сардарбек Айдаркул уулуна тиешелүү бушлатты кийип жүргөн. Асынып алган шектүү жаран 35 жаштагы Ноокат районунун тургуну экендиги белгилүү болду. Эске сала кетсек, 23-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Жайыл районунун аймагынан ИИМдин коргоо бөлүгүндө кызмат өтөгөн 1985-жылы туулган Сардарбек Айдаркул уулунун 11 жолу бычак менен сайылган жансыз денеси табылган.