Бүгүн 21-ноябрда Бишкекте бир канча берене боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда апасы Акдаана Кочкорова баласынын эч кайда качпаганын, үйүндө эле экенин айтты.
“8 баланын энесимин. 2009-жылы Санжарбегимди атып кетишти. Калган балдарымдын баары мамлекеттик кызматтарда иштешет. Канжарга жалган жалаа жаап жатышат. Балам адам өлтүрдүбү, уурулук кылдыбы? Ал менин жанымда, мен аны чыгарбай жатам”,- деди Акдаана Кочкорова.
Ошондой эле жактоочу Байыш Жоробеков К.Кадыралиевди кармоого негиз жок экенин, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазганын айтты.
“Жабырлануучу Абдимитал Бекташов үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрь күнү прокуратурага арыз жазган. Анын негизинде ошол эле күнү “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бул жерде “Кантип эле арыз жазылган күнү кылмыш иши козголуп калат?” деген ойлор жаралууда. Бекташов буга чейин 4 жолу Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына “Кадыралиев менен урушуп, араздашып жатабыз. Анын малы менин бакчама кирип жатат” деп арыз жазган экен. Бирок милиция 4 жолу текшерип, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Эгер иш объективдүү каралса, Канжар Кадыралиев сурак бергенге даяр. Анын 3 жаш баласы бар, эч кайда качпайт. Жабырлануучу тарап кайра тосмо арыз жазып берди”,- деди жактоочу.
Ал эми жабырлануучу Абдимитал Бекташов убагында К.Кадыралиев менен пикир келишпестик болгонун, азыр келишип алганын айтып залдан чыгып кетти.
Ошол эле учурда жабырлануучунун таякеси Базарбай Нурматов: “Биз бир тууган адамдарбыз. Бири-бирибизге дообуз жок. Убагында Абдимиталды адаштырып койгон адамдар болгон. Анын айынан ушундай болуп жатат. Жээним өтө жөнөкөй, анан бир аз оорукчан”,- деди.
Жабырлануучу Абдимитал Бекташовдун тосмо арызында “Канжар Кадыралиев жана Улан Кадыралиевдин үстүнөн билбестик, түшүнбөстүк менен башка адамдардын тилине кирип жазгам. Мени Кадыралиевдер урган эмес, малы менин бакчама кирип кеткендиги үчүн жазылган. "СПИДдин уколун саям" деп мага айткан эмес, андай сөздү мен да айткан эмесмин. Бирок арыз компьютерде жазылгандыктан, түшүнбөстөн кол коюптурмун. Мен Кадыралиевдер менен өз ара келишип алдым. Ошондуктан алардын үстүнөн козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранам” деп жазылат башкы прокурор Аида Саляновага.
Буга чейин Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз.
Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.
Буга Өзгөн районунун тургуну Абдимитал Бекташовдун “Кадыралиевдер 3 гектар жеримди талашып, уруп-тепкилеп жатышат. Бул боюнча күч органдарына көп жолу кайрылдым, эч жыйынтык чыкпай жатат. Алардын малы менин бакчама кирет” деп Башкы прокуратурага жазган арызы себеп болгон.
Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган.