ӨКМ: "Кыргызстандагы айрым унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар"
ӨКМ Кыргызстандагы айрым унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин эскертти. 31-январдан 5-февралга чейин Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа -Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткү жаралышы күтүлөт. Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда жол жүрүүдө айдоочуларга 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.