Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата куралдуу күчтөрдүн музейинин ачылышы пландалууда

Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата куралдуу күчтөрдүн музейинин ачылышы пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда өкмөт жыйынында коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов билдирди.

Анын айтымында, "Ала-Тоо" аянтында аскер парадын өткөрүү боюнча даярдоо иштери жүрүп жатат. "Жеңиштин 70 жылдыгына карата мааракелик медалдар чыгарылат",- деди ал.

Каржы министри Ольга Лаврованын билдиришинче, жыл сайын ардагерлерди колдоо максатында өлкөнүн бюджетинен 1 миллиард сомго чейин каражат бөлүнүүдө. "Аталган майрамды өткөрүүгө бюджеттен атайын акча каражат каралган",- деди министр.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жеңиштин 70 жылдыгына карата өлкөдө илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр, фестивалдар, эл аралык спорт мелдештери уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан