Тоң районунда табигый кырсыктан жапа чеккен тургундар менен депутат Дамира Ниязалиева жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Тоң районунун мамлекеттик администрация өкүлдөрү, облус жетекчилери, КСДПнын Ысык-Көл, Жети-Өгүз боюнча координаторлору катышты.
Тургундар үйлөрүнүн Кызыл китеби жоктугун, документ алуу өтө эле кымбат экенин айтып, бул иштерди акысыз жүргүзүүнү сунушташып: “3-даражадагы зыян тарткан үйлөргө 10 000 сомдон кароо өтө аз”,- деп билдиришти.
Ошону менен катар 4 жылдан бери берилген жүзгө жакын жер тилкелерине там салуу үчүн трансформация боло электиги, райондун борборунда 1000 окуучулук мектепте одоп-түзөө иштери жасала электиги, чектелбей жаткан жөлөк пул сындуу бир катар маселелер көтөрүлдү.