Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргызстан менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Талас шаарын суу менен камсыз кылуу тутумунун жабдууларын алмаштырууга 5 миллион доллар бөлүү жөнүндө макулдашууну жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.
Бул эки эл аралык макулдашуунун негизинде Талас шаарын таза суу менен камсыз кылуу тутумунун жабдууларын алмаштыруу багытында 3 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат жана 2 миллион доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыя берилет. Жеңилдетилген насыя каражаты 15 жылдык мөөнөткө 1,5 үстөк пайыз менен каралмакчы, анын алгачкы 3 жылы – төлөмсүз мөөнөт.
Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков шаарды таза суу менен камсыз кылуу тутумунун абалы кыйын экенин белгилеп, 5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат келип калса, бардык жабдуулар жаңыртыла турганын, насыядан кутулуу үчүн суунун наркы келерки үч жыл аралыгында 30 пайыздан 100 пайызга чейин кымбаттай турганын билдирди.