Кечээ, 24-ноябрда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев облус башчыларын кабыл алды. Анда 2014-жылга коюлган пландар жана милдеттенмелердин аткарылышы боюнча отчёттор угузулду. Ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуу маселелери да каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Ош шаары жана Ош облусунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу жакшы жүрүүдө. Бардык облустар 2015-жылдын 1-мартына чейин маалыматтарды чогултуп бүтүшү керек”,- деди Сарпашев.
Ошондой эле Тайырбек Сарпашев жыл аягында ар бир райондун, шаарлардын башчыларына, облустагы өкмөт өкүлүнө аймактардагы социалдык-экономикалык абал, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча баа берилерин кошумчалады.