Өкмөттүн 24-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев коррупция менен күрөшүү өкмөттүн негизги милдети бойдон каларын, коррупция менен чечкиндүү күрөшүү уланарын айтты. "Өлкөдө коррупциянын деңгээлин түшүрүү боюнча реалдуу жыйынтыктарга жетишүүбүз керек. Азырынча системдүү өзгөрүүлөр байкалбай жатат, коррупция менен күрөшүү пландарынын аткарылышы кагаз жүзүндө гана калууда. Коррупция менен күрөшүү формалдуу мүнөзгө ээ болбошу керек",- деди Оторбаев.
Өкмөт жетекчиси тийиштүү анализден кийин министрликтер менен мекемелердин коррупция менен канчалык жыйынтыктуу күрөшүп жатканы билинерин билдирди.
"Биз мамлекеттик органдардын ишинин үч категориясын аныктаганбыз: эл аралык рейтингдин позициясында жасалган иш-чаралардын саны жана сапаты, калктын министрликтин жана мекеменин ишине болгон ишенимин өлчөө. Кийинки жылы мындан да күчтүү план иштеп чыгышыбыз керек",- деп кошумчалады премьер.