Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинде 13 коррупциялык схеманын бети ачылды. Муну аталган агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүн 24-ноябрдагы жыйынында билдирип, коррупция менен күрөшүү планын агенттик 81 пайызга аткарганын айтты.
"Негизги коррупциялык схемалар лицензия берүү процессине байланыштуу болду. Анткени лицензия берүү иши буга чейин жабык болсо, биз ачык кылууга жетиштик. Азыр бул жааттагы бардык жыйындар ММКлардын катышуусу менен өтүүдө. Атайын жабдуунун жардамы менен жыйынды онлайн түрүндө түз көрсөтөбүз. Аукцион өткөрүүнү да колго алдык, 14 аукцион өтүп, дагы 6сы калды",- деп билдирди Зилалиев.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Геология агенттиги жергиликтүү коомчулук менен тыгыз иштешүүсү керектигин, кен боюнча чагымчыл аракеттер башталса, укук коргоо органдары ыкчам чара көрүшү зарылдыгын айтты.