Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 24-ноябрда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйындын башталышында Жоомарт Оторбаев турак жайларды жаратылыш кырсыктарынан камсыздандырууну милдеттүү түрдө киргизүү зарылдыгын белгиледи.
“Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга мамбюджеттен компенсация төлөөгө байланыштуу чоң жүк түшүп жаткандыгына байланыштуу биз турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу маселесин иштеп чыгуубуз керек. Бүгүнкү күндө камсыздандыруу иши ыктыярдуу негизде жүрөт, өз турак жайын камсыздандырган жарандардын саны өтө аз. Аталган көйгөй Ысык-Көл облусундагы акыркы жер силкинүүгө байланыштуу актуалдуу мүнөзгө ээ болду, андагы зыяндын суммасы 100 миллион сомдон ашкан”,- деди Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамкызматынын төрагасы Санжар Муканбетов маалымдагандай, милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, министрлик жана ведомстволордун макулдашуусуна жөнөтүлгөн. Ошондой эле ал белгилегендей, ведомство тарабынан мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө маселе иштелип чыккан.
“Реформа абдан маанилүү, бирок биз камсыздандыруу ыкмаларын жана принциптерин тыкыр ойлонуп чыгуубуз керек. Мыйзам долбоору боюнча коомдук угууларды кеңири өткөрүү керек. Турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу үй-бүлө үчүн кыйынчылык жаратпашы керек. Бирок бул нерсе капиталдык салым каражатын жогорулатууга, ошондой эле жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарга компенсацияларды төлөөдө бюрократиялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет”,- деп жыйынтыктады премьер-министр.