Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль Германиядагы иш сапарынын алкагында 24-ноябрда Ханнс Зайдел атындагы фонддун төрайымы Урсула Мэнле менен жолугушту. Кыргызстан эл аралык фонддор менен кызматташууга кызыкдар экенин айткан Диль төмөнкүлөргө токтолду:
"Кыргызстан Германияны Европадагы негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт жана өлкөлөр аралык көп тармактуу, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр. Ханнс Зайдел атындагы фонддун КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы менен болгон жемиштүү иши германиялык коомдук-саясий фонддор менен ийгиликтүү кызматташуунун үлгүсү болууда".
Жолугушууда Кыргызстан менен аталган фонддун жардамы менен Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу жаатындагы кадрларды даярдоону улантуу боюнча келишим түзүлдү.